• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр — ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Хорватия Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 18-июнда “Анталия дипломатиялык форумунун” алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, Черногориянын тышкы иштер министри Жордже Радулович жана Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Европа өлкөлөрү менен жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү перспективада ушул тармактарда мындан ары өз ара аракеттенүү үчүн "жол картасын" иштеп чыгуу максатында тараптардын ар бири менен тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда өтө турган ЕБ-БA Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары, жогоруда аталган мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун укуктук-келишимдик базасын кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушуулардын жыйынтыгында айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоорлору тапшырылды.

Европалык өнөктөштөр Кыргызстандын жаңы шайланган бийлигин жана өлкөдө жүрүп жаткан саясий реформаларды саясий жактан колдой тургандыктарын ырасташты. Ошондой эле хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий