• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Хорватиянын президенти Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Хорватиянын президенти Зоран Миланович Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо жиберген. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бул жооптуу кызматыңызга албан-албан ийгиликтерди каалайм. Мен сиздин мамлекетиңиздин гүлдөп-өнүгүшү жана элиңиздин бакубат турмушу үчүн ак ниет кызмат кыларыңызга бекем ишенем. Ошондой эле бүгүнкүдөй кыйын мезгилде дагы Хорватия менен Кыргызстан өз мамилелери менен кызматташтыгын бекемдөөнү жана тереңдетүүнү улантарына көзүм жетет. Мындан улам, экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу боюнча биргелешкен күч-аракеттер өзгөчө маанилүү”, - деп айтылат президент Зоран Миланович жолдогон куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий