• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ХОУП долбоору Бишкектеги бейтапканаларга жардам берди

Ден соолук 0

Бишкек, 12-июнь /Даниил Хашковский - Кабар/. Бишкекте улуттук госпиталдын базасында Американын “ХОУП” кайрымдуулук уюму жалпы суммасы 243 миң АКШ долларын түзгөн гуманитардык жардам тапшырды.

Жардам алуучулардын тизмесине төмөнкү медициналык мекемелер кирди: Улуттук госпиталь, Улуттук онкология борбору, Бишкектеги травматологилык илимий-изилдөө борбору, №1 шаардык клиникалык оорукана, №6 шаардык клиникалык оорукана жана Кеминдеги аймактык оорукана кирди.

“ХОУП” долбоорунун алкагында 2011-жылдан бери Кыргызстанга жалпысынан 81 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам берилген.

Өз сөзүндө Улуттук госпиталдын башкы врачы Динара Сагинбаева "ХОУП” долбоорунун жетекчилигине биздин бейтапканаларга берген жардамдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

(сүрөт: Роман Гайнановдуку)

Пикир

Оставить комментарий