• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Хожентте дарыяга секирген кызды эки жигит аман сактап калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Хожент шаарында Сырдарыядагы көпүрөдөн сууга боюн таштаган кызды жолдо өтүп бараткан эки киши сактап калды.

Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети билдиргендей, суицид аракети 4-апрель күнү таң эрте болгон. 19-жаштагы Очабиби Файзуллоева «Чашнвора» көпүрөсүнөн секирип кеткен. Окуяга күбө болгон эки жигит анын артынан сууга түшүп, куткаруучулар келгенче кызды аман алып калган.

​Очабиби Файзуллоева жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Студент эмне себептен өмүр менен кош айтышууга аракет жасаганы аныкталууда. Аны аман алып калган кишилердин аты-жөнү белгисиз. Интернетке тараган видеого караганда, эки жигит көпүрөдөн секирип, суудан кызды алып чыгышкан. Жээкке куткаруучулар келип, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Буга чейин Согди облусунун ички иштер башкармалыгы былтыр 244 жашоочу суицидге аракет жасаганын билдирген. Тажикстанда жыл сайын жүздөгөн аял өз жанын кыюуга бел байлайт. Өзүн-өзү өлтүрүүнүн башкы себептери – үй-бүлөлүк жаңжалдар жана зордук-зомбулук.

Пикир

Оставить комментарий