• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кичи автобустун айдоочусу аялдаманы сүзүп, качып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. «Mercedes-Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобус аялдаманы сүзүп, оодарылып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 29-июнда саат 18:50 чамасында Бишкектеги “Кара-Жыгач” жаңы конушунда болгон.

ӨКМ кырсыктан эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий