• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кичи ажылыкты көбүнчөсү туристтик компаниялар уюштуруп турат — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кичи ажылыкты көбүнчө туристтик компаниялар уюштуруп турушат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабия падышачылыгына (САП) зыярат кылуунун эки түрү бар. Алар: Ажылык жана Умра (кичи Ажылык).

Ажылыкты уюштурууда ар бир өлкөгө жылына бир жолу Сауд Арабия тарабынан атайын белгиленген квоталар бөлүнүп, берилген квотанын негизинде жарандар электрондук кезекке туруп, Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан уюштурулат жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынат. Ажылыкка атайын бирдиктүү формалар үчүн жана авиа компаниялар ортосунда тендерлер жарыяланып, сынактын негизинде өткөрүлөт.

Ажылыкка белгиленген убакытта, белгиленген мезгилде, белгиленген күндөрү, атайын авикаттамдар (чартердик рейс) аркылуу гана барышат.

Ал эми кичи ажылыкка (Умра) Кыргызстандын жарандары каалаган мезгилде өз алдынча, же туристтик фирмалар аркылуу турист катары барып, зыярат кылууга болот.

"Умра иштери ажылык убактан сырткары жыл бою жүрө берет жана зыяратчылар ар түрдүү авиакаттамдар аркылуу барып келишет. Ошондой эле Кыргызстандагы туристтик фирмалар Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы кабыл алынган туристтик ишмердүүлүктүн алкагында мамлекеттик органдар жана КМДБнын макулдугусуз эле Сауд Арабия падышалыгына умра зыяратын уюштуруп, иш жүргүзө алышат. Ошону менен бирге Кыргызстандагы коммерциялык туристтик фирмалар Сауд Арабиядагы туристтик фирмалар менен түздөн-түз кызматташуу аркылуу визаларды алышып, зыярат уюштурушат", -- деп билдиришти Дин комиссиясынан.

Билдирүүгө караганда, учурда өлкөбүздө Сауд Арабиясына умрага ондон ашуун туристтик коммерциялык фирмалар зыяраттарды уюштуруп келишет.

"2020-жылдын 9 жана 12-13-март күндөрү коммерциялык туристтик фирмалар тарабынан уюштурулган умра зыяратынан 700дөн ашуун адам Кыргызстанга кайтып келишкен. Туристтик фирмалардын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Сауд Арабиясына кичи ажылыкка (Умрага) баргандардын баары 3 жаранды эске албаганда, өз мекененине кайтып келишти. Ал эми 3 адамдан турган бир үй-бүлө ден-соолугуна байланыштупу Сауд Арабиясында калган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий