• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кичинекей КР хоккейчилери АКШда эл аралык таймашта жеңишке жетти

Спорт 0


Бишкек, 05.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын “Алга Бишкек” клубунун жаш хоккейчилери АКШгы Barrington Ice Arena-2017 эл аралык турниринде жеңишке жетишти.

Кыргызстандыктар финалда АКШнын курамасын 6:5 эсебинде жеңди.

“Биз буга океандын ары жагында туруп жеттик! Биз үйгө жеңиш алып бара жатабыз” “Алга Бишкек” Barrington Ice Arena кубогунун жеңүүчүлөрү”,-деп айтылат хоккей клубунун расмий Instagram баракчасында.

Эске сала кетсек, турнир декабрдын башында башталып, 4-декабрга чейин уланган.

Мелдеште АКШ, Канада, Россия жана Кыргызстандын курамалары катышты.

Пикир

Оставить комментарий