• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кичинекей кызы менен таксиде иштеп жүргѳн жаран баланы медкароого алып келген жок — мэрия

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кичинекей кызы менен таксиде иштеп жүргѳн жаран баланы медициналык кароого алып келген жок. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча, 10-август күнү Свердлов акимиаты иш сапар уюштурган.

“Жашы жете элек кыздын атасы Н.Я.Мухамеджанов. Свердлов райондук билим берүү борборуна кызын №171 бала-бакчага орноштурууга жардам сурап кайрылган. Н.Я.Мухамеджановго 2018-жылдан баштап Бишкек шаарынын бардык муниципалдык бакчалары электрондук кезек менен орноштурулары тууралуу консультация берилген. Көрсөтмө боюнча ата-эне же мыйзамдуу ѳкүлдѳр ѳз алдынча www.balabacha.edu.gov.kg платформасынан каттоодон ѳтүшү керек”, - деп айтылат маалыматта.

Шаардык бийликтен билдиришкендей, жашы жете элек кыздын атасы маалыматтык технологияларга ээ болбогондуктан, порталга каттоо үчүн зарыл болгон документтерди электрондук форматта берүүгө жардам көрсөтүлгөн.

“Атага баланы электрондук кезекке койбостон балдар бакчасына киргизүү мүмкүн эместиги тууралуу түшүндүрүү аракети жүргүзүлгѳн. Зарыл болгон медициналык форманы алуу үчүн баланы медициналык кароодон ѳткѳрүү үчүн акимчиликтин кызматкерлеринин коштоосунда №8 үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборуна баруу сунушталган. Бирок, ата бош эместигин билдирип, медициналык кароону бүгүн, 11-август саат 9:00го жылдырган. Бирок, ал бүгүн бейтапканага дайындалган убакка келген эмес”, - деп түшүндүрүштү муниципалитеттен.

Ошондой эле мэриядан белгелишкендей, бүгүнкү күндѳ, жашы жете элек С.Якубованы №171 бала-бакчасына орноштуруу маселеси чечилди, ал кабыл алууга жеңилдик берилген «Жетимдер жана жарым-жартылай жетимдер» категориясы менен №18 тизмеде турат. Ошондой эле, "баккан адамынан айрылгандыгы боюнча" жана "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулдарды тариздөө боюнча иш уюштурулат.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында эркек киши аргасыздан 3 жаштагы кызы менен таксиде иштеп жүргѳндүгү тууралуу маалымат пайда болгон. Баланы калтырганга анын эч кимиси болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий