• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн маңдай жагы оңдолду

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Киев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн маңдай жагы оңдолду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул имарат шаардын архитертуралык көркүн түзөт, имараттын маңдай жагы абдан начар абалда болгондуктан, капиталдык оңдоого муктаж эле. "Көп кабаттуу турак үйдүн маңдай жагына шаардын сырткы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Эскертке кетсек, Киев көчөсү, №135 үйүнүн жашоочуларынын жана жарандарынын кайрылуусунун негизинде, Биринчи май муниципалдык администрациясынын башчысы тарабынан демөөрчүлөрдү тартуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий