• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сейтек" базарында өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 5-мартта 21:06да Бишкек шаарынын Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ош базарынын аймагында контейнерден өрт чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 21:07де Ленин райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм жана кошумча саат 21:13тө Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Жалпы 3 бөлүм тартылган.

"Сейтек" базарындагы контейнерден чыккан өрт саат 22:13тө чектөөгө (локализация) алынды. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Өчүрүү иш-чаралары уланууда. Саат 21:20да Штаб жана кошумча саат 21:50дө КР ӨКМнин алдындагы ККББнун ыкчам тобу КБП (ППУ) унаасы менен тартылган. Жалпы 3 бөлүм тартылган.

Мындан сырткары жеринде ИИМнен кызматкерлери, тез жардам кызматынан 3 унаа жана шаардык суу чарба башкармалыгынан 2 унаа иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий