• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Киевде "Настоящее Времянын" кабарчысы жарадар болду

Дүйнө 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. 5-май күнү кечинде Киевде “Настоящее Время” телеканалынын кабарчысы Владимир Рунецке ок тийип, жаракат алды. Донбасстагы согуштук аракеттердин ардагери журналистти бутка атып жиберген – Рунецке операция жасалды.

Азыр анын өмүрүнө коркунучу жаралган жок, бирок дагы эки жолу операция болот.

Ок чыгарган киши – украин армиясынын ыктыярчысы, 45 жаштагы Владимир Регеша. Ал журналисттин таанышына акча карыз болгон жана аны ырааттуу түрдө коркутуп турган. 5-май күнү кечинде ал кабарчы жана анын тааныш кызы отурган пабга келген.

"Акчанын ордуна пистолетин алып чыгып, асманга ок атып, аны өлтүрөм деп коркутту. Пистолети иштебей калды, анан ал багаждан винтовка алып чыгып, кафеде отургандарды мээледи", – деди Рунец.

Рунец кишинин куралын алууга аракет жасаган, ошол маалда бутуна ок тийген. Регеша окуя болгон жерден качып кеткен, бирок кийин полицияга өзү келген.

Пикир

Оставить комментарий