• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Киевде журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти

Дүйнө 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти. Бул тууралуу Киев полициясына шилтеме кылып «Свобода» радиосунун украин кызматы жазды.

Украин ИИМинин расмий маалыматына караганда, крымдык татарлардын ATR деген телеканалында алып баруучу болуп иштеген журналист Аркадий Бабченко октон алган жараатынан улам каза болгон.

1977-жылы туулган Бабченкону атып кетишкендиги тууралуу алгачкылардан болуп журналист Айдер Муждабаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Бабченкону өз үйүндө арт жагынан атышкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча журналисттин сөөгүн анын аялы тапкан. Бабченко тез жардам унаасында баратканда каза болгон. Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз.

Бабченко Орусиядан былтыр чыгып кеткен. Анда мындай кадамдарынын так себептерин айтуудан баш тарткан журналист бул анын «эркиндигине» байланыштуу экенин белгилеген.

Аркадий Бабченко Чеченстандагы эки согушка тең катышкан. Кызмат өтөп бүткөн соң «Московский комсомолец» гезитинде аскердик кабарчы, андан кийин «Унутулган полк» берүүсүнүн баяндамачысы болуп иштеген. Акыркы жылдары көптөгөн басылмалар, анын ичинде «Новая газета» менен кызматташып жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий