• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Киевдеги LED-экрандардан КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу видео-роликтер көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан жарнамалык LED-экрандарга ККР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу кыскаметраждуу видео-роликтер (заставка түрүндө) чыгарылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, LED-экрандар Киев шаарынын Крещатик, Большая Васильковская, Шота Руставели, Мечникова, бульвар Леси Украинки, бульвар Т.Шевченко, Сечевых стрельцов сыяктуу борбордук көчөлөрүндө жайгашкан.

Ошондой эле Украинанын Улуттук балдар үчүн китепканасы менен биргеликте бир нече иш-чаралар уюштурулуп жатат, анын ичинде – кыргыз жомокторун онлайн түрдө окуу марафону жана “Кыргызстан – чексиз уникалдуу” темасындагы балдар арасында сүрөт сынагы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий