Кийим-кече сатуучу базарлар 25-майдан тарта иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кийим-кече сатуучу базарлар 25-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, 21-майдан тарта ишке киргизиле турган тармактар эки этапка бөлүнгөн. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу медиктер берген сунуштамаларды эске алып, бир катар тармактарды 25-майдан тарта ишке киргизүү чечими кабыл алынды”, - дейт Боронов.

Алар :

  • Кийим-кече саткан базарлар – Дордой базары, Орто-Сай, Ош базарларынын кийим-кече сатуу бөлүгү, Кара-Суу базары жана башка аймактарда жайгашкан бардык базарлар;
  • 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен 1,5-2 метр аралыкты так сактоо талабы бар);
  • Театрлар, музейлер, китепканалар, көргөзмө залдар, галереялар, маданий агартуу жайлардын ишмердүүлүгү;
  • Шаар ичиндеги коомдук транспорттор (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар).

Боронов кошумчалагандай, бардык ишин жанданткан тармактар санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоосу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий