• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кийинки аптада Россиядан Кыргызстанга 7 миң тоннага жакын үрөн келет - Мукашев

Коом 0


Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Кийинки аптада Россиядан Кыргызстанга 7 миң тоннага жакын дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү келет. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Россия менен 14 миң тонна 335 кг үрөн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 50%ы келди, калганы Казакстан менен Россиянын чек арасында турат.

"Бир күн мурун жүк жүктөлгөн вагондор биздин тарапка кетүүгө келишим түзүлгөн. Ошентип, келерки жуманын аягында келип калат күтүп жатабыз", - деди Азамат Мукашев.

Пикир

Оставить комментарий