• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кийинки дем алышта Караколдо кышкы туристтик сезон ачылат

Коом 0


Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. 27-ноябрда «Каракол» тоо лыжа базасында 2021-2022-жылдын кышкы туристтик сезонун расмий ачуу аземи өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, салтанат кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцариялык долбоордун жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өтөт.

Ошентип, кышкы сезондун ачылышынын алкагында лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрү үчүн сынактар, лыжа боюнча мастер-класстар, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, лотереялар, жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ошондой эле 28-ноябрда балдар жана чоңдор үчүн ар кандай кызыктуу оюндар жана сынактар ​​уюштурулуп, анда баалуу байгелерди утуп алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий