• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кийинки ДКО Түркияда өтөт - Жээнбеков эстафетаны Эрдоганга өткөрүп берди

ДКО 2018 0

Бишкек, 01.09.18. /Кабар/. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт. Бул чечимге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишти.

Жээнбеков кесиптешин бул окуя менен куттуктап, оюндар түрк жергесинде жакшы деңгээлде өтөрүнө ишенимин көрсөттү.

III ДКОнун салтанаттуу ачылыш аземи эртең, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт. Ага Казакстандын,Түркиянын мамлекет башчыларынын Венгриянын премьер-министринин, Бириккен Араб эмираттарынын Фуджейра эмиратынын мураскер ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шаркинин жана Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий