• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кийинки жумада АКШнын Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы Кыргызстанга келет

Коом 0

Бишкек, 11.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын КРдагы “Тынчтык корпусу” уюмунун директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр билим берүүдө чет тилдердин, анын ичинде англис тилинин орду чоң экендигин белгиледи.

Ал эми “Тынчтык корпусу” уюмунун директору Хойт Брайан Йии англис тилинин Кыргызстандагы колдонуусунун учурдагы абалын канааттануу менен белгиледи.

Алмазбек Бейшеналиев “Тынчтык корпусу” уюмунун директоруна колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, англис тилин жайылтууга багытталган башка да биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен КРдагы АКШнын Тынчтык корпусунун ортосунда волонтерлордун санын көбөйтүүнү караган меморандумга кол коюуну макулдашты.

Ошондой эле кийинки жумада АКШдан 12 ыктыярчы Кыргызстанга келери белгилүү болду.

Белгилей кетсек, «Тынчтык Корпусу» Кыргызстанда 29 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп, АКШнын ыктыярчылары менен Кыргызстандын мектептеринде англис тилин окутуп келишет.

Пикир

Оставить комментарий