• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кийинки жылга Зардалы айылын электр энергиясы менен камсыздоо пландалууда

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кийинки жылга Баткен облусунун алыскы Зардалы айылын электр энергиясы менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде маалымдады.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү электр мамычаларын тартуу боюнча жумуштар башталат.

"Буга чейин Жумгал районунун Кең-Суу айылына, Аксы районунун Кызыл-Бейит айылдарына күн чырактар орнотулган", - дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына “Жалалабатэлектро” ишканасы 18 км алыс аралыктан свет тартып барган.

Пикир

Оставить комментарий