• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кийинки жылы беш айга Бишкек – Сеул түз аба каттамын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. 2023-жылы беш айга Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Ким Хо Сон билдирди.

Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, каттамдар туристтик сезондо жумасына эки жолу аткарылат. Ал өз учурунда Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт.

“Кореялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүүдө. Буга Кореядагы эл аралык туристтик көргөзмөсүндөгү делегациянын катышуусу чоң таасирин тийгизди. Кыргызстандын экспозициясы эң кызыктуу, мазмундуу деп табылып, Гран-приге ээ болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын ноябрь айында кызматташууну өнүктүрүү максатында Кореянын авиакомпаниясынын өкүлүнүн келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий