• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте газ менен жүрө турган автобустар пайда болот

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Жаратылыш газынын жардамы менен жүрө турган автобустарды сатып алуу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо шаардык муниципалитеттин транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте дээрлик 100гө жакын муниципалдык автобустар жүрөт. Аларга дээрлик 10 жыл болгон.

"Мэрия 2019-жылы күйүүчү май менен эмес, жаратылыш газы менен жүрө турган 50 автобус сатып алууга ниеттенип жатат. Натыйжада биз зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтабыз", - деп билдирди Кубанычбек Жунусов.

Пикир

Оставить комментарий