• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону У.Касымбековдун көзү көрбөй калышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 16-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Кыргызстандык Уланбек Касымбеков жардамга муктаж. Анын көзү көрбөй калышы мүмкүн.

Бул туурасында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасына жазды. “Спортчунун көзүнө Россияда операция жасатыш үчүн 205 миң рубль (3 миң АКШ доллары) керектелет. Жакында эле ага Алмата шаарында оң көзүнө операция жасалган. Бирок, ал жардам берген эмес”,- дейт А. Молдокматова.

Ал эми спортчу Келечек Орозбек уулу, Уланбектин жетишкендиктерине токтолгон. “ Уланбек ийгиликтүү спортчу. Ал көптөгөн турнирлерге катышып, жеңишке жетишип, Кыргызстандын атын чыгарып келген. Эки жолку Дүйнө чемпиону, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азия оюндарынан байге алган, Эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери”,-деп жазат ал өзүнүн баракчасына.

Улан Касымбековдун ЭЛСОМу – 0778 89 99 98. Эгер 2 миң адам 100 сомдон жардам берсе, Улан Москвага барганга мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий