• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кикбоксинг боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында үч медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында бир күмүш, эки коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 15-24-октябрь күндөрү Италиянын Езоло Либо шаарында өттү. Чемпионатка 50дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышты.

63,5 кг салмак категорияда Икбол Фозилжонов күмүш медалга ээ болуп, дүйнөнүн сегиз мыкты спортчулардын катарына кирди. Ошондой эле Бирмингем шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк согуш өнөрү оюндарына лицензия жеңип алды.

Алексей Федосеев лоу-кик түрү боюнча коло медалга ээ болду. Ал эми 63 кг чейинки салмак категорияда Чыңгыз Бегматов кик-лайт түрү боюнча коло медаль алды.

Пикир

Оставить комментарий