• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Килиан Мбаппе CIES Football Observatory версиясы боюнча эң кымбат футболчу аталды

Спорт 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Спорт тармагын изилдөө эл аралык борбору (CIES Football Observatory) Европанын лигаларында ойногон кымбат футболчулардын рейтингин жарыялады.

CIES Football Observatory тизмегинин сап башында франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе жайгашты. Анын трансфердик баасы 265,2 миллион еврого бааланууда.

Тизменин алдыңкы ондугуна кирген футболчулар:

1. Килиан Мбаппе ("ПСЖ") – 265,2

2. Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити") – 223,7

3. Мохамед Салах ("Ливерпуль") – 175,1

4. Джейдон Санчо ("Боруссия") – 168,9

5. Садьо Мане ("Ливерпуль") – 155,6

6. Харри Кейн ("Тоттенхэм") – 150,5

7. Маркус Рэшфорд ("Манчестер Юнайтед") – 134,3

8. Лионель Месси ("Барселона") – 125,5

9. Антуан Гризманн ("Барселона") – 123

10. Лаутаро Мартинес ("Интер") – 115,7

Ал эми "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналдунун трансфердик баасы 80,3 миллион еврого бааланып, тизменин 49-орунуна жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий