• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ким Чен Ын Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга келди

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.19 /Кабар/. Корей Элдик Демократия Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга келди. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Түндүк Корея лидеринин сапары 10-январга чейин уланат.

“Kyodo” агенттиги кабарлагандай, иш сапар алкагында Ким Чен Ын менен Си Цзиньпиндин жеке жолугушуусу күтүлүүдө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин төрагасы Лу Кан 3-январда кабарлагандай, 2019-жылы өтө турган КЭДР менен АКШ президенттеринин жолугушуусу бүткүл дүйнөлүк тынчтыкка жана туруктуулукка жагымдуу таасирин тийгизиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий