• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айрым адамдар курултайга каршы чыгууда. Эмнеге?

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Алдыда өтө турган курултайга жарандардын интернет тармагында дайыма нааразы жана окуяны апыртып жибирген тобу кызыктай бир позицияны карманууда. Президент курултайды чакыруу боюнча жарлыкка кол койгон күндөн бери коомдук-саясий иш-чаранын айланасында терс аба ырайын түзүүгө абдан аракет кылынууда.

Демократиялык күчтөрдүн элитасы деп өздөрүн атаган интернет-блогерлер, жарандык активисттер, “патриоттор” жана айрым саясатчылар курултайдын тегерегинен чыкпай келүүдө.

Аларга эң сонун учур пайда болду: элге барып, тарапташтарыңды чогултуп, курултайга делегат болуп шайлан. Анан өлкөнү жакшы жакка өзгөртө турган сунуштарды айт. Аткаминерлерге багыт бергиле. Курултайды катуу сындагандардын арасында мурун элдик курултайларды өткөрүүнү пландагандар көп экени кызыктырат. Оппозиция өзүнүн курултайын өткөргүсү келгенине бир жыл да боло элек. Же реалдуу эмес талаптарды коюп, демократияны өнүктүрүү үчүн деген шылтоо менен жаңы эл аралык гранттарды алууну каалап жатышты беле?

Эмнеге азыр дүрбөлөң болуп жатат? Эгер президент өзү элди диалогго чакырып, баарын ачык айтууга даяр болсо. Балким, алар чындап эле жарандар эмнени каалабаганын угууга убакыт келдиби? Алар эмнеге тынчсызданышат жана карапайым адам эмнеге кам көрөт?

Уруш-талашка жана интригаларга толгон маалыматтын көбүн ошол эле блоггерлер жана активисттер таратат. Ошол эле адамдар салттуу эмес мамилелерди пропагандалоо менен алектенип, Бишкектеги гей-парадды колдоп келишкен. Албетте, ар бир адамдын тандоого укугу бар. Бирок, коомдун тынч, интернет “согуштарына” катышпаган экинчи бөлүгү мамлекетти башкарууга катышууга конституциялык укугу бар.

Курултайды жактырбаган адам ага катышпай деле койсо болот. Кыргызстанда топтолуп калган көйгөйлөрдү талкуулоого даяр болгон адамдарды кемсинтүүнүн эмне кереги бар? Демократия – бул эң эле катуу кыйкыргандар эмес, ар бир адамдын өз оюн жана пикирин билдирүүгө укугу.

Пикир

Оставить комментарий