• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ким Ки Дук маңкуртчулук темасында тасма тартат

Маданият 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Белгилүү кореялык кинорежиссер Ким Ки Дук маңкуртчулук темасында тасма тартат.

Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдиргендей, белгилүү кореялык кинорежиссер кечээ, 11-июль күнү Ч. Айтматов атындагы Кино үйүнө барып, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев менен жолугушкан.

Сүйлөшүү учурунда Бектеналиев анын күйөрмандары жолугушуу өткөрүүнү, ал эми журналисттер режиссер менен интервью уюштуруп берүү боюнча кайрылып жатканын айткан.

Ким Ки Дук ага ыраазычылык билдирип, жеке сапар менен келгендиктен интервью бербей тургандыгын билдирген.

Ошол эле учурда Ким Ки Дук маңкурт тууралуу сценарий жазганын жана тасма тартуу оюнда бар экенин айткан.

"Бир ирет Россиядагы кинофестивалдардын биринде ал түркмөн режиссеру Хожагули Нарлиев менен таанышып, анын "Маңкурт" аттуу тасмасын көргөн. Ким Ки Дук тасма менен маңкурттун образына таң берген. Маңкурт тууралуу уламыш Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын бир бөлүгү экенин билген. Маңкуртчулук темасы аны катуу таң калтыргандыктан ал сценарий жазууну чечкен. Анда ал заманбап дүйнөнүн курч маселелерин өзүнүн көз карашы менен тартуулагысы келет". - деп билдиришти фонддон.

Ким Ки Дук, алдыда Кыргызстанда тасма тартып калышы мүмкүн экенин билдирген. Ал эми Бектеналиев кыргыз тарап ага көмөк көрсөтөрүн белгилеген.

Белгилей кетсек, Ким Ки Дук Кыргызстанга 9-июль күнү келген. Ал "Ээн үй", "Жаз, жай, күз, кыш... кайра жаз" ж.б. тасмаларды тарткан. Ал дүйнөгө аты чыккан режиссерлордун бири.

Эскерте кетсек буга чейин атактуу сербиялык кинорежиссер Эмир Кустурица Айтматовдун чыгармасынын негизинде Чыңгызхан тууралуу тасма тартарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий