• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ким ойлоптур! Кыргызча мыкты сүйлөп, Ат-Батышадагы окуучуларга англисче үйрөткөн америкалык кыз

Коом 0


Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Америка кошмо штатынан Кыргызстанга келген кыз кыргыз тилин эки айда үйрөнгөнүн айтат. Анын видеосун Facebook баракчасына Mars GM колдонуучу жүктөгөн.

Видеону жүктөгөн колдонуучу Рисанын (анын аты) пландары, Кыргызстанда эмне кылып жүргөнүн сураган.

"Мен Америкадан келдим. Бирок, Кыргызстанда 2 жылдан бери жашайм. Азыр Ат-Башыдагы мектепте англис тили мугалими болуп иштейм. Кыргыз тилин эки айда үйрөнүп алдым, күн сайын 6 сааттан окуп жаттым. Келечекте Японияга барам анан кайра Америкага кетем", - деп Риса жооп берген.

Андан кийин сүйлөшүү англис тилинде орун алды. Ошондой эле, видеонун автору Рисаны биринчи көргөндө кыргызга окшоштурганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий