• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ким жана кайсы дарыларды 50% арзандатуу менен алса болот?

Ден соолук 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кошумча программасына ылайык, жарандар 50% арзандатуу менен дарыларды ала алат. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, камсыздандырылган жарандардын дары-дармектеринин наркынын жарымын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду же мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилет.

Ким камсыздандырылган жарандар болуп эсептелинет?

-иштеп жаткан жарандар (ММКга төлөм төлөгөндөр);

-пенсионерлер;

-ай сайын социалдык жөлөк пул алгандар;

-16 жашка чейинкилер (жалпы билим берүү мекемелеринде окугандар);

-айыл чарба менен алектенгендер (ММКга төлөм төлөгөндөр);

-ММКга төлөм төлөгөн жактар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кошумча программасынан кайсы дары-дармектерди алса болот?

-200дөн ашык даары-дармектердин тизмеги http://foms.kg/page/spavochniki сайтында жазылган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду канча суммадагы акча каражатын төлөп берет?

-Төлөнүүчү акчалар жашаган жерге байланыштуу өзгөрүп турат. Аны http://foms.kg/page/spavochniki сайтынан билсе болот.

Медициналык камсыздоону кантип алса болот?

-үй-бүлөлүк дарыгерге же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгына кайрылуу керек;

-арыз жазуу, 1200 сом өлчөмүндөгү төлөм жүргүзүү жана жаныңызда паспорт болушу керек;

-медициналык камсыздандырууга каттоого тургандан баштап 15 күн өткөндөн кийин иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий