• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кимдер коронавируска каршы эмделбеши керек? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова коронавируска каршы кимдер эмделбеши керектигин айтты.

"Канында үчтөн ашык антитело бар адамдарга вакцина берилбеши керек”, - дейт ал.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова 18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмизген аялдар, ошондой эле аллергиясы бар жарандар вакцина албашы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан вакцинанын 150 миң дозасы гуманитардык жүк катары келген.

Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчилерден болуп эмделери белгилүү болгон.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн тренингдер жүрүүдө.

Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Пикир

Оставить комментарий