• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кимдир бирөөлөрдүн арзан майы үчүн Россиянын алымсыз мунайзатынан баш тартуу туура эмес – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Кимдир бирөөлөрдүн арзан майы үчүн Россиянын алымсыз мунайзатынан баш тартуу туура эмес. мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Исхак Пирматов күйүүчү майдын наркы эмне үчүн төмөндөбөй жатканына, бул багытта кандай чаралар көрүлө турганына кызыкты.

"Мен буга чейин бензиндин баасын 10 сомго чейин төмөндөтүүгө болорун айттым эле, бул маселе тармактык комитетте да каралган, сиз дагы бир айдан кийин так маалымат берүүгө убада бергенсиз. Тилекке каршы, азыркыга чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок", - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

"Биз Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын өз пикири бар, биздики да башкача, сунушталган шарттарга макул болбой турушат. Россия бизге такай колдоо көрсөтүп, алымсыз күйүүчү майларды берип келет. Кимдир бирөөлөрдүн арзан майы үчүн туруктуу өнөктөштөрдөн дароо эле баш тартуу да жарабайт. Бирок, бул багыттагы сүйлөшүүлөр улантылат", - деген жообун берди Абылгазиев.

Депутат алымсыз күйүүчү майларды алуу анчалык деле жогорку жетишкендик болуп саналбай турганын баса белгиледи.

"Ал акыркы жылдардагы жетишкендик эмес, Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле алымсыз товарларды алып келебиз. Ошондуктан, Өкмөт калктын капчыгына ашыкча чыгым келтирип жаткан көйгөйлөрдү чечүү жаатында иштиктүү чараларды көрүшү керек", - деди Пирматов.

Пикир

Оставить комментарий