• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кимиси күчтүү! Көк бөрү боюнча КР чемпионатынын алгачкы күнү жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Ош шаарында көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын алкагында алгачкы оюндар болуп өттү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен оюндардын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

Биринчи оюнда Чүй облусунун командасы Бишкек шаарынын командасын 10:3 эсебинде утуп алды. Ош облусу Жалал-Абад облусунун улакчыларын 4:1 эсебинде артта калтырды.

Аягында Талас менен Баткендик улакчылар кармашып, жеңишти 16:1 эсебинде Таластын спортчулары илип кеткен.

Эртеңки күндүн программасы, 30-октябрь:

Бишкек – Ош;

Жалал-Абад облусу – Нарын облусу;

Баткен облусу – Ысык-Көл облусу.

Белгилей кетсек, турнир Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган.

Пикир

Оставить комментарий