• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кино үйүндө 20-21-февралда Жеңиштин 75 жылдыгына карата кино кербени өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бишкекте 20-21-февраль күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата кино кербени өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Иш-чара Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп өтөт.

Анын алкагында Геннадий Базаровдун – Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган – "Саманчынын жолу" тасмасы (20-февраль, саат 15:00) жана Дамир Салимовдун (Өзбекстан) "Ленинграддык балдарым" ("Ленинградцы, дети мои") тасмасы көрсөтүлөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, кино кербени 21-июнга чейин өлкө аймактарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий