• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кино үйүндө Рыскуловдордун үй-бүлөсү эскерилет

Маданият 0

Бишкек, 03.12.18. /Нуржигит Бейшабаев – Кабар/. 4-декабрда саат 16:00дө Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева жана Искендер Рыскуловдун элесине арналган салтанаттуу кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Иш-чаранын алкагында “Кыргызфильм” киностудиясынын архивинен алынган сүрөттөрдөн түзүлгөн көргөзмө, театралдаштырылган көрсөтүү уюштурулуп, чыгармачыл үй-бүлөнүн чыгармачылыгына арналган тасма көрсөтүлөт.

Кечеге кыргыз кино ишмерлери, коомдук ишмерлер, студенттер катышат.

Кеченин салтанаттуу бөлүгүнөн соң, Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасы көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, бул иш-чара СССРдин Эл Артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин Эл Артисти Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60-жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий