• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кино үйүндө Жеңиш күнүнө карата эки тасма көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. Жеңиш күнүнө карата Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө эки тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинотасмалар 7-8-май күндөрү саат 15:00дө Кино үйүндө көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, анда Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин негизинде тартылган тасмалар коюлат.

Биринчи күнү Болот Шамшиев тарткан "Эрте келген турналар" (1979), ал эми экинчи күнү Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" (1967) тасмасы көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий