• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинематографтарга киноискусствонун сырларын үйрөтөт

Маданият 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров каалоочулар үчүн 10-мааракелик мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “SEA” студиясынын аткаруучу директору Сүйүм Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, Э.Абдыжапаров 2007-жылдан бери мастер-класс өтүп келет. Азыркы мааракелик мастер-класс 17-апрелден 23-апрелге чейин Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт. Учурда угуучуларды тандоо жүрүп жатат.

“9 жылдын аралыгында окуучулар тарабынан 266 окуу, 128 кыска метраждуу, андан тышкары 40 тан ашык толук метраждуу кинолор тартылды. Көпчүлүк катышуучулар кино дүйнөсүндө өздөрүнүн ордун табышты, көпчүлүгү белгилүү режиссер болушту”,-дейт ал.

Ошондой эле, С.Сулайманова мастер-класстын максаты жана милдети – кыргыз коомчулугунун жаш, таланттуу өкүлдөрүнүн кино чыгармалычыгына болгон аракетинин массылык мүнөзгө ээ болушуна түрткү берүү экенин кошумчалады.

“Мындан тышкары, мастер-класста жаштарга киноискусствосунун сырлары үйрөтүлүп, тажрыйбалуу режиссердун көзөмөлүнүн алдында 2 мүнөттүк тасма тартуу үчүн шарттар түзүлөт”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий