• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты эртең, 7-февралда өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири менен коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров 6-февралда 81 жаш курагында дүйнө салды.

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган. 1965-жылы ВГИКтин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн.

Геннадий Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана белгилүү эмес – улуттук кинонун чебери тарткан тасмалар көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал автордук кыргыз киносунун түптөөчүлөрдүн бири. Өткөн жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган.

Анын "Саманчынын жолу", "Буктурма" жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.

Пикир

Оставить комментарий