• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Китепкөй Кыргызстан": Кыргызстанда китеп окуу жумалыгы өтүүдө

Маданият 0


Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 5-12-декабрь күндөрү "Китепкөй Кыргызстан" аталышындагы китеп окуу жумалыгы жарыяланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бир жума аралыгында министрлик китеп темасына тиешелүү кызыктуу маалыматтар менен жалпы коомчулукту кабардар кылып турат.

"Бул жаңы технологиялардын келген заманы. Мындай учурда китепке болгон кызыгуу күндөн – күнгө төмөндөп баратат. Китепке болгон мамилени өзгөртөлү. Китеп окуу элдин жашоосун, дүйнө таанымын өзгөртөт”, - деп айтылат маалыматта.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү бардык жарандарды бул жумалыкка активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий