• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Китепкана иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам 2020-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты «Китепкана иши жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамдарынын ортосундагы коллизияларды жоюу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий