• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Китепканачылар, маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50% жеңилдик алат

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди.

Мамлекеттик социалдык буюртма программасы Бишкек шаарын камтыйт. Мында бекитилген категориядагы үй-бүлөлөр балдарын жеке менчик бала бакча берсе, анын жарым төлөмүн мамлекет каржылап берет. Буга чейин бул тизмеде төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөр кирген:

  • көп балалуу;
  • аз камсыз болгон;
  • аялы же күйөөсүнөн ажыраган, бир айлык кирешеси 12 миң сомдон кем эмес;
  • ата-энелеринин бирөөсү биринчи же экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген;
  • орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем эмес мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген үй-бүлөлөр.

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, бул тизмеге эми жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери кошулат. Алар буга чейин тандалган Бишкектеги тогуз бакчага балдарын берсе, Билим берүү жана илим министрлиги ай сайын төлөмдүн тең жарымын өз мойнуна алат.

Мындан сырткары бул программа боюнча бакчаларга кабыл алынчу жаш курак талаптарга да өзгөртүү киргизилди. Мурда кабыл алуу 3 жаштан башталса, жаңы жобо менен 2 жаш 6 айга толгон бөбөктөр бакчаларга кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий