• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КК Башкы штабынын башчысы Дүйшенбиев Индиянын жана Казакстандын коргоо министрлерин кабыл ады

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев бүгүн, 29-апрелде Индиянын коргоо министри Нурмала Ситхараман жана Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эл аралык жана региондордогу кырдаалдардын учурдагы абалы жана ШКУнун алкагында эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы тууралуу талкуулашты.

"Уюмдун жоопкерчилигиндеги зонада жаңы коркунучтар менен чакырыктарга адекваттуу жооп кылуу максатында күч аракеттерди бириктирүү боюнча биргелешкен иш-чаралар туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп, алдыдагы багыттары, келечеги жана өнүгүшү туурасында талкуулар жүрдү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул жылы Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан төрөгалык кылат. Бүгүн Бишкек шаарында уюмга кирген коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий