• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КК башкы штабынын башчысы Индиянын элчиси менен аскер кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабында КК башкы штабынын башчысы Р.Дүйшенбиев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Л.Савитри менен жолукту, анын жүрүшүндө КР менен Индиянын коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскер кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу КК БШнын басма сөз кызматы билдирди.

КК БШнын башчысы БУУнун тынчтыкты колдоо боюнча департаменти менен байланышты жөнгө салуу жолу менен кыргыз тараптын тынчтык орнотуу демилгелеринде жана медициналык жабдыктар, тылдык мүлтөр түрүндө аскердик-техникалык жардам көрсөткөндүгү, тоо даярдык боюнча кыргыз-индия окуу борборун курууда, андан тышкары кадр даярдоодо колдоо көрсөткөнү үчүн индия тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, тараптар 2017-жылы 20-февралдан 5-мартка чейин КРнын аймагында өткөн “Канжар-2017” атайын күчтөрдүн бирдиктүү окуусунун ийгиликтүү жыйынтыкталганын белгилешти.

Аталган окуу эки мамлекеттин аскер кызматкерлеринин ортосунда тоо жана атайын даярдык боюнча өз ара аракеттешүү жана тажрыйба алмашуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий