• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КК Башкы штабынын башчысы Өмүралиев Кытайдын Коргоо иштери боюнча атташесин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Коргоо иштери боюнча элчилигине мурунку кызматкер, улук полковник Чжу Гожун тарабынан сунуш кылынып, кайрадан дайындалган атташеси улук полковник Чжан Юнду кабыл алды. Бул тууралуу КК Башкы штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Өмүралиев кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык жана аскердик кызматташтыкты бекемдөөгө Чжу Гожундун кошкон салымы зор экенин айтып өттү.

Өмүралиев Чжу Гожунга “Аскердик кызматташтыкты чыңдаганы үчүн” ведомстволук медалын тапшырып жатып: “Сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүз жана жеке сапаттарыңыз Кыргызстан менен Кытайдын Коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө жана кеңейишине чоң салым кошту”, - деп кошумчалады.

Генерал-майор ошондой эле улук полковник Чжан Юн менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артып, ага бакубатчылык жана жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Ушул эле күнү Коргоо иштери боюнча атташе Чжан Юн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Тердикбаевге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик башкаруу органдарынын жетекчилерине тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий