• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбооруна 1000ден ашык ишкер субъекттери катышууда

Экономика 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштин түрүнө ылайык ККМдин зарыл болгон моделин алуу тууралуу өтүнмө берип, алууга жетишип калуу боюнча салык төлөөчүлөргө кайрылат.

Өтүнмөнү берүүдө жүргүзүлүп жаткан иштин түрүн, ККМди орнотуу дарегин жана электрондук почтаны көрсөтүү зарыл.

ККМдин жаңы моделдерин колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан пилоттун алкагында кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлөө акысыз негизде берилерин Салык кызматы эскертет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 5-ноябрына карата контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбооруна 1000ден ашуун субъект катышууда жана алардын саны күн сайын өсүүдө.

Долбоордун алкагында ККМ алган 500гө жакын салык салынуучу субъект фискалдык модулдар менен ККМдин пилоттук моделдеринин жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүштү.

ККМдин пилоттук моделдери субъекттин эсепке алуу системасы менен жеңил интеграцияланат. Долбоордун катышуучуларына "Жеке кабинетке” кирүү мүмкүндүгү берилет, анда ал өзүнүн соода түйүнүнүн активдүүлүгүнө көз салып турат.

Пикир

Оставить комментарий