• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

МСК: ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбооруна 600дөн ашуун салык төлөөчү катышууда

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-октябрына карата контролдук-кассалык аппаратты башкаруу системасынын пилоттук долбооруна катышуу үчүн салык төлөөчүлөрдөн 600дөн ашуун арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан 209 сынамык ККМ орнотулуп, туташтырылган, долбоордун калган катышуучуларына ККМди орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Контролдук-кассалык машинаны колдонууга милдеттүү болгон ишкер субъекттерге бул пилоттук долбоорго катышууга жана ККМди акысыз алууга дагы мүмкүндүк бар экендигин Салык кызматы эскертет. 2022-жылдын 1-январынан тартып ККМди өз каражатынан сатып алуу зарыл болот.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8-сентябрында Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизген, ал 2021-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Долбоордо катышуучуларга бекер берилүүчү ККМдин аппараттык жана программалык жаңы моделдери сыналууда.

Салык кызматынын расмий сайтында “ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоору” деген баннер бар, анда бардык керектүү маалыматтар камтылган.

Пикир

Оставить комментарий