• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ККМдин реестрине контролдук-кассалык машиналардын дагы 3 жаңы модели киргизилди

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ККМдин реестрине аппараттык жана программалык контролдук-кассалык машиналардын жаңы 3 моделин киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1 программалык ККМ «Смарт касса» «Скайл мобайл» ЖЧКсы жана 2 аппараттык ККМ «ОКА-МФ» жана «АР02-ККМ-КG» «ККМ Техникалык борбору» ЖЧК жана «Соода технологиясы» ЖЧК тарабынан иштелип чыккан.

Муну менен бүгүнкү күндө реестрге ККМдин 10 модели киргизилди, анын ичинде реестрге «Нур Телеком» ЖЧК, «Макс софт» ЖЧК, «Урматтуу энжинеринг сервис» ЖЧК тарабынан мурда киргизилген ККМдин моделдери бар. Бул ишкерлер үчүн ККМдин аппараттык жана программалык (виртуалдык) чечимдери арасында тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Апараттык ККМдин аталган моделдери колдонуудагы техникалык талаптарга ылайык келүүсү, анын ичинде кассалык операциялардын бардык тизмесин, маалыматтарды берүүнүн жаңы форматын, байланыш жок режимде иштөөнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө текшерүүдөн өттү.

Бардык кызыкдар салык төлөөчүлөр ККМдин моделдери жөнүндө маалымат менен МСКнын www.sti.gov.kg сайтындагы «ККМ Онлайн» бөлүгүнүн «Контролдук-кассалык машиналардын реестри» тиркемесинен тааныша алышат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эски үлгүдөгү ККМди каттоого тыюу салуу менен катар, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген ККМди 2021-жылдын 1-июлунан тартып милдеттүү түрдө колдонуу күчөтүлөт.

ККМдин жаңы моделдерин, анын ичинде программалык моделдерди колдонуу "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий