• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: 16-мартка чейинки аба ырайынын божомолу

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. 2017-жылдын 11-март күнү жаап өткөн, жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, (Көк-Бел ашуусу) 351-365 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто унаа жолундагы 65-110 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 65-97 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш авто унаа жолунун 1-9 чакырымдары, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын- Торугат овто унаа жолунун (Долон ашусуу) 289-291, 297-298 чакырымдары, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10 чакырымдары, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

11-мартта Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Түндук-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 12-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасынан 4-9 метрге жетет.

Ош шаарында 11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили кар жаашы күтүлөт, 12-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

12-мартта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-мартта кээ бир райондордо, 14-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

15-мартта көпчүлүк аймактарда, 16-мартта кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий