• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ 2017-жылга карата 342 объектиде алдын-алуу иш-чараларын жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Жыл сайын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында КР ӨКМ 2 багытта иш-чара аткарып келет: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү, авариялык-калыбына келтирүү жана атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштары. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү багытында 2017-жылга карата жалпы республиканын аймагы боюнча 36 объектте жумуш жүргүзүү мерчемделген. 2 ай ичинде республика боюнча 3 объект пайдаланууга берилип, 874 м дамба, 1 чек ара мамычасы, 273 турак жай жана 30 га айдоо жери корголду. Жогоруда болжолдуу-планга кирген обьектилерде жумуш өз учурунда бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе: 8286 кожолук, 7056 га айыл чарба аянттары, мазар, ж.б. социалдык обьектилер корголот. Сарпталган каражаттардын экономикалык натыйжалуулугу 14,2 эсени түзөт, атап айтканда сарпталган 1 сомдук каражат мүмкүн болуучу 14,2 сомдук түз чыгымдын алдын алат.

Ал эми атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында республиканын аймагы боюнча 306 объект киргизилген, анын ичинен:

Ош облусу боюнча 88 объект киргизилген;

Баткен облусу боюнча 54 объект;

Жалал-Абад облусу боюнча 59 объект;

Ысык-Көл облусу боюнча 24 объект;

Нарын облусу боюнча 19 объект;

Талас облусу боюнча 20 объект;

Чүй облусу боюнча 24 объект;

Бишкек шаары боюнча 7 объект;

Ош шаары боюнча 11 объект киргизилген.

Бул багытта январь-февраль ай ичинде республика боюнча 11 (7-план, 4-кошумча) обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 7 (3-план,4-кошумча) объектиде иш бүткөн жана 4 (4-план) объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 1618 миң кожолуктун жол каттамы жакшырат, 1 мектеп, 1 ФАП корголот.

Жогоруда болжолдуу-планга кирген обьектилерде жумуш өз учурунда бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе: 12655 кожолук, 3803,5 га айыл чарба аянттары, ж.б. социалдык обьектилер корголот. Сарпталган каражаттардын экономикалык натыйжалуулугу 14,2 эсени түзөт, тактап айтканда сарпталган 1 сомдук каражат мүмкүн болуучу 14,2 сомдук түз чыгымдын алдын алат.

Пикир

Оставить комментарий