• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: 2019-жылдын үч ай ичинде катталган өрттөрдүн саны 19,1% азайган

Коом 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. 2019-жылдын үч ай ичинде республика боюнча 766 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 947) өткөн жылга салыштырмалуу 19,1% азайган. Өрттөн 19 адам каза таап (2018-жылы 28 адам), 18адам жабыркаган, анын ичинде – 2 жаш бала (2018-жылы 15 адам).

Өрттөн 25 адамдын өмүрү (2018-ж. 43 адамдын өмүрү) жана.478 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 253 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 9,9%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 36,8%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 0,5%, балдардын от менен ойноосунан 6,3%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 65% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (184) жана 7 адам каза болгон, Бишкек ш. (163) жана 3 адам каза болгон, Жалал-Абад областында (109) жана 3 адам каза болгон, Ош облусунда (91) жана адам каза болгон эмес , Ысык-Көл областында (73) 2 адам каза болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (495), 16 адам каза тапкан.

2019-жылдын 3 айында республиканын өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында макала, теле жана радио берүүлөр уюштурулган.

2502 жолу 233134 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн.

Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 557 маалымат жөнөтүлгөн.

Урматтуу жарандар, жазгы-жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
  • аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;
  • өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;
  • кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;
  • токойго бензин синип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;
  • айнектин сыныктарын жана ботолколорду калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаны чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын жана топуракты таштагыла.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Пикир

Оставить комментарий