• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ 2021-жылдагы I жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 3-августта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык жана түзүмдүк башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда коллегиялык отурум өткөрүлдү. Отурум онлайн режиминде өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев төрагалык кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылйык, министр Бообек Ажикеев отурумду ачып, анда негизги эки маселе каралды;

1. 2021-жылдын I-жарым жылдыкта аткарган иштеринин жыйынтыгы

2. 2021-жылдын II-жарым жылдыкта аткаруу үчүн негизги милдеттер.

Отурумда Ажикеев акыркы учурда байма-бай катталып жаткан сел кырсыктыранын алдын алуу жана алардын коркунучун жоюу иштерин күчөтүүнү ӨКМдин аймактык башкармалыктарынын башчыларына жана министрликтин Жарандык коргонуу жана авариялык–куткаруу иштери боюнча башкармалыгына тапшырып, өлкө аймагында табигый өзгөчө кырдаалдардын активдешүүсүнөн улам сел кырсыгынан көп жарандарыбыздын каза тапканын айтып, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы селдердин кесепеттери тез арада жоюулуусу зарыл экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, ӨКМдин негизги милдети табигый кырсыктарды алдын алуу экенин айткан министр Б. Ажикеев министрликтин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

“Коркунуч жараткан 341 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, анын ичинен 216 объектиде жумуш жүргүзүлүп жатса, 160 объектиде иштер толук аткарылган. Натыйжада жалпысынан 9244 кожолук жана 7871 га чарба аянттары, 8 мектеп, 3 бала бакча, 4 ФАП, 4 мечит, 1 стадион, 8 ички чарбалык көпүрө, 1 дача, 1 фабрика жана 1 административдик имарат корголуп жана 2 темир бетон порог, 4664 пм (погондук метр) дамба курулду”, - деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган жумуштарга токтолуп, ошондой эле Баткен облусунун аймагында түзүлгөн кырдаал, гуманитардык жардам жана эвакуациялоо, коркунучтуу табигый кубулуштарга, техногендик процесстерге мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө баяндама жасады.

“Кыргызтандын аймагында 2021-жылдын 6 ай ичинде 22 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 54 адам каза болгон, келтирилген материалдык чыгым 1 млрд. 340 млн. 938 миң сомду түзгөн, алардын ичинен Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда өзгөчө кырдаалдардын саны бирдей болуп, каза болгон адамдардын саны 43% азайган, ал эми материалдык чыгым 5 эсе көбөйгөн.

Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген жалпы материалдык зыяндын ичинен эң ири чыгым, 28-30 апрелинде Баткен жана Лейлек райондорунун кыргыз-тажик чек арасында болгон. Келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 305 млн 994 миң сомду түзүп, 36 жаран каза болгон.

Республика боюнча катталган өрт кырсыктарынын статистикасын карасак, 2021-жылдын 6 айында 1501 өрт катталып, алардын кесепетинен 24 адам каза болуп, келтирилген материалдык чыгым 370 млн 64 миң сомду түзгөн. 2020-жылга салыштырганда өрттүн саны 40,4% пайызга көбөйүп, кырсыктын кесепетинен улам каза болгон адамдардын саны жана материалдык чыгым да жогорулаган. Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү 45% турак жай секторунда катталган», - деди У.Шамырканов.

Коллегиянын жүрүшүндө аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларынын жүрүшүндөгү министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам иш аракеттерди уюштуруудагы, жалпы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөр айтылып, тиешелүү тараптарга министр тарабынан эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий